19/20/2023
Аламүдүн аймагынын N1 орто мектебинин актовый залында «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» республикалык акциясынын алкагында «Зордук зомбулукка каршы» деген темада бүтүрүүчүлөр арасында иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага мектеп мектеп директору Г.А. Асекова, Жумушка орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн башчысы Ч.К. Усенов, Аламүдүн райондук эмгек,социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ю.Т.Джумалиева жана соц.өнүктүрүү адиси Т.Г.Дженкулова, ошондой эле социалдык кызматкерлер, социалдык педагогдор, аталган мектептин окуучулары жана N2 мектептин 11 классынын окуучулары катышышты.
Мектеп окуучулары бул темага байланыштуу театралдаштырылган сюжеттерди көрсөтүп, талкуулашты. Слайддар, флешмобдор жана дубал гезиттер көрсөтүлдү.
Аталган мектептин окуучулары Аламүдүн район арасында өткөрүлгөн «Зордук эомбулукка каршы» аттуу сынактан 2 орун алгандыгы үчүн диплом жана артыкчылык сыйлыктары менен сыйланышты.
Ошондой эле тренер жана модератор Р. EDUVISO Кыргызстан-Германия программасынын өкүлү Исмаилова программа тууралуу кененирээк айтып, мыйзамдуу ишке орношуу аркылуу жогорку маяна менен иштөө мүмкүнчүлүгү тууралуу бардыгына маалымат берди. Жыйындын соңунда адистер тарабынан кеп-кеңештер айтылып, катышуучуларга ысык тамак уюштурулду.
***
Школы Аламудунского аймака провели мероприятия в рамках национальной программы против торговли людьми и насилия
В актовом зале средней общеобразовательной школы N1 Аламудунского аймака, среди выпускных классов состоялось мероприятие в рамках национальной компании «100 дней против торговли людьми» и на тему «Против насилия».
В мероприятии принял участие директор школы Г.А. Асекова, начальник управления занятости и миграции Ч.К. Усенов, сотрудники Аламудунского районного отдела труда, социальной защиты и миграции, ответственный секретарь Аламудунского айыл окмоту Ю.Т.Джумалиева и специалист по социальному развитию Т.Г.Дженкулова, а также социальные работники, социальные педагоги, учащиеся школы и учащиеся 11 классов школы №2.
Школьники показали театральные сценки, связанные с данной темой, и обсудили ее. Были представлены слайды, флешмобы и стенгазеты. Учащиеся были награждены дипломами и наградами за занятие 2-го места на конкурсе «Против насилия», проходившем в районе.
Также тренер и модератор Р.А. Исмаилова, представитель программы EDUVISO Кыргызстан-Германия, рассказала о программе более подробно и проинформировала всех о возможности работать с высокой зарплатой посредством легального трудоустройства. В завершение встречи эксперты дали советы и рекомендации, а для участников было организовано горячее питание.









