Аламудун АО
Новости

Аламүдүн аймагында газдаштыруу улантылды

Чүй районунун Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте ички керектөө үчүн газдаштыруу иштерин улантты.

Айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаев билдиргендей, жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртуу, абанын булганышын азайтуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында тургундардын жалпы жыйынында газдаштыруу боюнча муниципалитет менен биргеликте иш алып баруу чечими кабыл алынган.

 Жашоочулардын жалпы жыйынында бир нече көчөлөрдү газдаштыруу чечими кабыл алынып, газга кошулууну каалаган үйлөр аныкталган.

 Жергиликтүү тургундардын үйлөрүн газ менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөт тарабынан газ магистралынан короого чейин газдаштырууга кеткен жалпы чыгымдын 30% жергиликтүү бюджеттен элге жардам катары бөлүнгөн.

 «2022-жылы 50дөн ашык кожолукка газдаштыруу иштери жүргүзүлгөндөн кийин быйыл газга кошулууну каалагандардын саны эки эсеге өстү.  Жыйында газдаштыруу үчүн беш көчө белгиленип, каалоочулар 90-го жакын кожолук аныкталып, жалпы чыгымдын 30%-ы аларга жардам катары бөлүндү.  Быйыл газдаштырууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.  Башка көчөлөрдүн жашоочулары каалашса, муниципалитет да жардам берет, муну дагы кийинки жылдын планына киргизип жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек 2022-жылы Аламүдүн районунда эки көчө газдаштырылып, борбордук магистралдык линия тартылган, Аламүдүн айылынын эки көчөсүнө – Панфилова көчөсүнө жана Дальный проспектисине газ өткөрүлүп, 50дөн ашык короо-сарайлар кошулган.

***

 

В Аламудунском аймаке продолжена газификация

Аламудунский айыл окмоту Чуйской области совместно с населением продолжили работы по газификации для бытового потребления.

Глава айыл окмоту Найзабек Кольбаев сообщает, что в целях улучшения качества жизни местных жителей, снижения загрязнения воздуха и энергосбережения в ходе общего собрания жителей было принято решение о совместной работе муниципалитета и населения по газификации.

На общем собрании жителей было принято решение о газификации нескольких улиц, определены дома желающих подключится к газу.

Для проведения газа к домам местных жителей айыл окмоту в помощь населению выделил из местного бюджета 30% от общей суммы расходов по газификации от магистрали газопровода до дворов.

«После того как в 2022 году была проведена газификация для желающих это более 50 дворов, в этом году желающих подключится к газу стало больше в два раза.  На собрании были определены пять улиц для газификации, желающих около 90 дворов, им в помощь выделено 30% суммы от общего расхода. В этом году на затраты по газификации из местного бюджета выделено 1,6 млн сомов. При желании жителей других улиц муниципалитет также окажет помощь, в планы следующего тоже это ставим», — сообщил он.

В 2022 году в Аламудунском аймаке были газифицированы две улицы, проложена центральная магистраль газификация стала доступной на двух улицах села Аламудун — ул.Панфилова и пер.Дальний, были подключены более 50 дворов.

 

Похожие новости

Даректүү жардам жеткирүү маалыматы. Информация о доставки адресной помощи

Аламудун районунда жазгы ишембилик жана бак-дарактарды отургузуу улантылууда

Изменена схема передвижения общественного муниципального транспорта Аламудунского айылного аймака