18/12/2023
Жаңы жылдын алдында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Чүй облустук «Максат» майып балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара өткөрүлдү.
«Ынтымак-Аламүдүн» муниципалдык чыгармачыл ТУМАР тобу, айыл өкмөттүн колдоосу менен демөөрчүлөр менен биргеликте Аламүдүн аймагындагы «Максат» балдар үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык кайрымдуулук жана майрамдык иш чара өткөрүштү.
Балдар үчүн жаңы жылдык концерттик программа уюштурулуп, ар кандай каармандардын костюмдары менен сценкалар тартууланып, ар кандай сынактар өткөрүлдү.
Майрамды утурлай балдар ырларды ынтызарлык менен окуп, ыр ырдап, кышкы сыйкырчыдан момпосуй, жемиш белектерин алышты.
«ТУМАР» муниципалдык чыгармачылык тобунун жетекчиси Тамара Исакунова балдар үйүнүн кызматкерлерине, ата-энелерге жана балдарга Аламүдүн айыл өкмөтүнүн атынан жылуу сөздөрүн айтып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
«Иш-чаранын аркасында балдарга майрамдык маанай тартууланды. Жардам берүү менен биз балдарга кубаныч гана тартуулабастан, аларга жакшылыкка үмүт жана ишеним тартуулайбыз”,-дейт ал.
Майрамдык программага 60ка жакын бала катышты. Балдар жаңы жылдык концертти жактырышты. Ар бир бала жаңы жылдык таттуу белек алышты.
Ата-энелер жана балдар үйүнүн жетекчилиги уюштуруучуларга жаркын жана берешен майрамдык иш-чара үчүн ыраазычылык билдиришти.
***
Проведены праздничные мероприятия для детей с ОВЗ детского реабилитационного центра «Максат»
В преддверии Нового года Аламудунский айыл окмоту инициировал проведение новогоднего праздничного мероприятия для детей с ограниченными возможностями Чуйского областного Центра реабилитации детей и сирот с ограниченными возможностями здоровья «Максат».
Муниципальная творческая группа ТУМАР «Ынтымак-Аламудун» при поддержке айыл окмоту совместно со спонсорами организовала благотворительное новогоднее мероприятие для детей с ограниченными возможностями здоровья детского дома Максат Аламудунского аймака.
Для детей организована новогодняя концертная программа, представлены сценки с костюмами различных персонажей, проведены различные конкурсы.
В предвкушении праздника дети старательно рассказывали стихи, пели песни и получали в подарок конфеты, фрукты от зимнего волшебника.
С добрыми словами и поздравлениями с наступающим Новым годом к ребятам и работникам детского дома от имени Аламудунского айыл окмоту обратилась руководитель муниципальной творческой группы ТУМАР Тамара Исакунова.
«Благодаря мероприятию, дети зарядились праздничным настроением. Оказывая помощь, мы не просто дарим радость детям, а даем им надежду и веру в добро», — отмечает она.
В праздничной программе участие приняли около 60 детей. Дети насладились новогодним концертом. Каждый ребенок получил сладкий новогодний подарок.
Родители и администрация детского дома выразили благодарность организаторам за яркое и щедрое праздничное мероприятие.