Урматтуу Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын жашоочулары!
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн администрациясы сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайт. Аймактын баардык жашоочуларына ден соолук, аманчылык жана бардар жашоо каалайбыз. Экинчиден сүйүнүчтүү кабар менен сиздерге кайрылабыз, себеби Аламүдүн айыл аймагынын калк жашаган пункттарында коомдук муниципалдык 71 транспортунун маршруту Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы аркылуу өтө тургандыгын билдиребиз.
Жакындарыңыздарды жана өзүңүздөрдү сактаңыздар!
Элдин жашоо шартын жакшыртуу боюнча активдүү иштер мындан ары да улантылат.
Следующий пост