Аламудун АО
Новости

Жарыя — маалымкаттарды берүү жөнүндө

Урматтуу Аламудун айылдык аймагынын жашоочулары !

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, муниципалдык кызматтардын базалык реестринен «жашоочуларга жашаганды жөнүндө, үй-бүлөлүк курамы жөнүндө маалымкаттарды берүү» 1.2.3- бөлүктөрү жокко чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарында 2022-жылдын 27-декабрында болгон кеӊешменин № 19-13 протоколдук тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана башка мамлекеттик мекемелерине, банктарга «Санарип Аймак» тутумуна 2023-жылдын 20-январына чейин кошулууга мүмкүндүк алуу тапшырмасы берилди.

Жогорудагы себептен, Аламудун айыл өкмөтү тарабынан жашоочуларга маалымкаттарды берүү иштери 2023-жылдын 20-январынан баштап токтотулат. Түшүндүрмө: 2023-жылдын 20-январынан тартып, Кыргыз Республикасынын Министрликтери, мамлекеттик мекемелери, банктар тарабынан жарандардан жашагандыгы тууралуу, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкаттарды айыл өкмөтүнөн алып келүү талабы коюлбайт, бирок, «айыл өкмөтү тарабынан «Санарип аймак» тутумуна катталган гана жарандарды тутумдан көрүп, көрсөтүлгөн даректе жашагандыгын тастыктоо мүмкүнчүлүгүн алышат.

Урматтуу жашоочулар, мындан ары, министрликтер, мамлекеттик мекемелер, банктарга кайрылууӊүздарда көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн, «Санарип аймак» тутумуна каттала элек болсоӊуздар тез арада каттоого туруу керектигин маалымайбыз жана 2023-жылдын 20-январынан баштап маалымкаттарды алуу үчүн айыл өкмөтүнө келүүнү токтотууӊуздарды
өтүнөбүз!!!

Бул иш-чаралар калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, Сиздер үчүн ыӊгайлуулуктарды жаратуу, өлкөнү санариптештирүү алкагында жүргүзүлүүдө!

Аламудун айыл өкмөтү.
_______________________________________________________________

Уважаемые жители Аламудунского айылного аймака!

Постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 632 внесено изменение в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 января № 6, т.е. в базовом реестре муниципальных услуг предоставляемых органами МСУ утратили силу пункты 1,2,3 «выдача справки с места жительства, выдача справки о составе семьи».

Протокольным поручением совещания у заместителя Председателя Кабмина Кыргызской Республики от 27.12.2022 года № 19-13 всем министерствам, ведомствам, государственным организациям и банкам КР даны поручения о получении доступа к системе «Санарип аймак» до 20.01.2023 года.

В связи с вышеизложенным, с 20 января 2023 года Аламудунским айыл окмоту будет прекращена выдача справок с места жительства и о составе семьи.

Разъяснение: С 20 января 2023 года Министерства, ведомства, государственные организации, банки не будут требовать справку с места жительства и о составе семьи от айыл окмоту, но, им будет доступна информация только о жителях внесенных в систему «Санарип аймак» для
подтверждения факта проживания!

Уважаемые жители!

Во избежание дальнейших проблем при обращении Министерствам, ведомствам, государственным организациям КР, Вам необходимо в кратчайшие сроки произвести регистрацию фактически проживающих жителей в системе «Санарип аймак» и с 20 января 2023 года не обращаться в Аламудунский айыл окмоту для получения справок.

Эти мероприятия проводятся для улучшения обслуживания населения, создания Вам условий и в рамках цифровизации страны!

Аламудунский айыл окмоту

Похожие новости

Аламүдүн айыл өкмөтүндө социалдык контракт боюнча сертификаттар тапшырылды

Отчет об исполнении плана развития территории Аламудунского айыльного аймака за 2020 год

ОБЪЯВЛЕНИЕ о конкурсе на финансирование местных инициатив