Аламудун АО
Новости

Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте аймакты газдаштыруу иштерин жүргүзө баштады

Аламүдүн аймагында эки көчөгө газ берилди

Абанын булганышын азайтуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте тургундардын тиричилик керектөөсүнө газдаштыруу иштерин баштады.

Аламүдүн айылынын эки көчөсүнө учурда борбордук трасса төшөлүп- Панфилов көчөсү менен Дальный тилкесинде газдаштыруу иштери жүрүүдө.

Мындай чечим тургундардын Жалпы жыйынында аныкталып, айыл өкмөтү менен биргеликте газдаштыруу иштерин жүргүзүүнү каалагандардын көчөлөрү, даректери аныкталган. Аталган көчөлөрдүн жашоочулары бир добуштан жалпы сумманын 70%ын төлөп берүүнү, айыл өкмөтү бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 30% төлөп берүүнү бир добуштан билдиришти. Чыгымдар 2,7 миллион сомдон ашыкты түзөт.

«Айыл өкмөтү тургундарыбыздын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча иштерди улантууда. Жаңы трасса 50дөн ашык кожолукту газга кошууга мүмкүнчүлүк түздү. Объект пайдаланууга берилди, кээ бир үйлөр газга кошулуп бүттү. Башка айыл тургундарынын каалоосу жана өтүнүчү болсо мүмкүн бул газдаштыруу иштердин уландысы болот, муниципалитеттин планына киргизип жатабыз», — деп белгиледи айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаев.

 ***

Аламудунский айыл окмоту совместно с населением начал проводить работы по газификации аймака

В Аламудунском аймаке газифицированы две улицы.

В целях снижения загрязнения воздуха и энергосбережения Аламудунский айыл окмоту совместно с населением начали работы по газификации для бытового потребления жителей.

В настоящее время проложена центральная магистраль, газификация доступна на двух улицах села Аламудун — ул.Панфилова и пер.Дальний.

Данное решение было  определено на Общем собрании жителей, где совместно с айыл окмоту определены улицы и адреса желающих, провести газификацию. Жители данных улиц единогласно  выразили желание оплатить 70% от общей суммы, айыл окмоту оплачивает 30% с местного бюджета для данных работ. Затраты составляют более 2,7 млн сом.

 «Айыл окмоту продолжает проводить работы по улучшению качества жизни наших жителей. Новая магистраль создала возможность для подключения к газу более 50 дворов. Объект введен в эксплуатацию, часть домовладений уже подключились к газу. Возможно, продолжение данных работ при желании и заявках со стороны  других жителей сел аймака, мы это ставим в планы муниципалитета», — отметил глава айыл окмоту Найзабек Кольбаев.

Похожие новости

Кулактандыруу: “Күн шооласы – баарына бирдей тийет” темадагы (мам.соц.заказ) коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс

Аламудунский айыл окмоту выносит на общественное обсуждение проект Программа Аламудунского айылного аймака Аламудунского района Чуйской области по обеспечению граждан Кыргызской Республики земельными участками при расширении территорий населенных пунктов и образований новых населенных пунктов.Замечания и предложения к вышеуказанному проекту просим направлять на электронный адрес alamudun2013@mail.ru и телефон 0312 48 41 68(Вышеуказанные программные документы находяться под охраной Закона Кыргызской Республики от 14 января 1998 года № 6 «Об авторском праве и смежных правах»)

Аламүдүн айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо. ПОЛОЖЕНИЕ о добровольных народных дружинах Аламудунского айылного аймака.