Аламудун АО
Новости

Аламүдүн айыл өкмөтүндө социалдык контракт боюнча сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 27-апрелде Аламүдүн аймагынын сегиз үй-бүлөсүнө киреше алып келүүчү бизнесин түптөө жана өнүктүрүү үчүн кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон каражат берилди.

Аталган программанын катышуучулары бул каражатка мал чарба, соода, кийим тигүү тармагында ишканаларды жана интернет дүкөн ачууну пландаштырууда.

Сертификаттарды жергиликтүү кеңештин төрагасы Алексей Филимоненко тапшырды.

Айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү боюнча башкы адиси Гулмира Турдумкулованын айтымында, айыл аймагынын жашоочуларынын арасында бул программага катышууну каалагандар арбын болду.

«Социалдык контракт программасына тандоону айыл өкмөттүнүн жобосуна ылайык социалдык маселелер боюнча комиссиясы карады, катышуучулар тандоонун бардык этаптарынан өтүштү. Сынактан өткөндөр бизнес-пландарды түзүү, ишкердиктин негиздери боюнча алдын ала окуудан өтүштү», — деп билдирди ал.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы үч жыл ичинде алардын ишмердүүлүгү жана талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынарын, эгерде ишкердиги ийгиликтүү жүргүзүлсө, анда ал үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө категориясынан чыгарыларын белгиледи.

«2023-жылга карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планына социалдык контракттын негизинде 18 үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүнү киргиздик. Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин квотасына ылайык, аймактагы 2-3 үй-бүлөгө каражат берилиши мүмкүн, ошондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен программаны ишке ашырууну чечтик, анда дагы көп үй-бүлө камтылат», — деп кошумчалады ал.

Аймакта ошондой эле социалдык келишим түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо боюнча сынак уланууда.

 

***

В Аламудунском айыл окмоту состоялось вручение сертификатов по социальному контракту

Сегодня восемь семей Аламудунского аймака получили на безвозмездной основе 100 тыс. сомов на создание и развитие своего доходоприносящего дела.

Участники данной программы планируют использовать средства на открытие дел в сфере скотоводства, торговли, швейного производства и интернет магазина.

Сертификаты вручал председатель местного кенеша Алексей Филимоненко.

По словам главного специалиста социального развития айыл окмоту Гульмиры Турдумкуловой среди населения айылного  аймака было много желающих принять участие в данной программе.

«Участники программы социального контракта прошли все этапы отбора, который был проведен  комиссией айыл окмоту по социальным вопросам  согласно положению. Прошедшие конкурс  прошли предварительное обучение по основам предпринимательской деятельности, составлению бизнес-планов», — сообщает она.

Председатель местного кенеша отмечает, что в течение трёх лет будет проводится мониторинг их деятельности  и  соответствия требованиям, в случае успешного ведения бизнеса семья будет выведена из категории малообеспеченной семьи.

«Мы ввели в план социально-экономического развития на 2023 год оказание социальной помощи на основании социального контракта 18 семьям. По квоте Министерства социального обеспечения, труда и миграции, выдача средств предполагается только 2-3 семьям нашего аймака, мы решили реализовывать программу из местного бюджета, что позволит охватить больше семей», — добавил он.

В аймаке также продолжается конкурс по отбору семей на заключение социального контракта.

04/27/2023

Похожие новости

АЛАМҮДҮН айыл аймагында КАЛК ЖАНА ТУРАК-ЖАЙДЫ КАТТОО БАШТАЛДЫ

7 апреля прошел субботник активными жителями улицы Учхозской села Садовое