Аламудун АО
Новости

5000 керектөөчү таза ичүүчү суу менен камсыз болушту

5000 керектөөчү таза ичүүчү суу менен камсыз болушту
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында Аламүдүн айыл өкмөтү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн тереңдиктеги насосторду жана суу мунараларын орнотуу иштерин жүргүзүп жатат. 25-июнда Аламүдүн айылында жаӊы суу мунарасы пайдаланууга берилди. Скважинанын тереңдиги 250 метр, көлөмү 100 куб метр. Натыйжада 300 короо жана 15 көп кабаттуу үй таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул болжол менен 3400 керектөөчү. Долбоор 2018-жылдын июнь айында башталган. Жергиликтүү бюджеттен 4 341 235 сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Ошондой эле “Экшн” ЖЧКсы тарабынан муниципалдык менчикке берилген дагы бир скважинага, суу мунарасын суу менен толук камсыз кылуу үчүн тереӊдиктеги насос орнотулду. Ага чейин ал борбордук тепкич насос менен иштеп, жайында көп кабаттуу үйлөргө суунун басымы жетишсиз болчу. Натыйжада 1500гө жакын абонент ичүүчү суу менен камсыз болушту.
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу жана чечүү артыкчылыктуу милдет. Аламүдүн айыл аймагында жалпысынан 9 суу мунарасы бар. Жылдын аягына чейин дагы бир суу мунарасын пайдаланууга берүү пландалып, аны менен жалпысынан 10 суу мунарасы калкка таза суу жеткирилет. Натыйжада, жаңы курулган конуштарды кошо камтып, айыл аймактын бүт калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууга болот.

Похожие новости

Аламүдүн айыл аймагында Нооруз майрамы

Аламудунский айыл окмоту поделился своим опытом внедрения системы электронной библиотеки.

Вопросы местного значения