Аламудун АО
Новости

ЧЕТКЕ КАГУУ / ОПРОВЕРЖЕНИЕ новости о задержании главы а.о. и бухгалтера

Урматтуу Аламүдүн аймагынын тургундары, ММК өкүлдөрү, коомдук социалдык каналдар!

Айыл өкмөт башчысы менен эсепчи кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиребиз.

Эки жумадай мурун Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келишти, бизди суракка алышты, андан кийин кое беришти. Азыр адаттагыдай эле иштеп жатабыз, бүгүнкү видеодо жана сүрөттөрдөй эч көрүнүш аракет болгон жок. Ички иштер министрлиги тараптын арызы боюнча ишти териштирип жатат, биз бардык суроолорго толук жооп бердик жана пайда болгон суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Биз тергөөгө ачыкпыз.

Бүгүн маалымат айдыңында «хайп» болуп, социалдык тармактарда бүгүнкү күнгө карата эски, ишенимсиз маалыматтарды таркатылды. Адаттагыдай эле иштеп, жылдын жыйынтыгын чыгарып, карызы барлардан салыктарды чогултуп, 2024-жылга пландарды жергиликтүү кеңеш менен бекитип, акимиатка отчет берип жатабыз.

Чынында, биз башка кызыкдар тараптардын биздин ишибизди каралоо жана кемсинтүү үчүн кысымын көрүп жана сезип жатабыз, бул көрүнүшкө эки жыл болду.

Биздин аймакта эл жыш жайгашкан, ири да, кичи да ишканалар бар, азыр салык адистери, жер адистер менен бир топ иш алып баруудабыз, түшүнөм, бул көпчүлүккө жакпай калышы мүмкүн, бирок муниципалитеттин ишине шек келтирип, шашылыш иштер менен бирге адамды каралоо, аймктын өнүгүшүнө катуу таасирин тийгизет.

Бизде калк менен ишенимдүү мамиле түзүлүгөн, чечимдерди кабыл алууга ар дайым активдүү катышуусу бар, биз жыл сайын аймакты эң кызыктуу долбоорлор менен өнүктүрөбүз, элдин турмушун жакшыртуу боюнча чоң пландарды ишке ашырабыз.

Биз ар дайым кызматташууга даярбыз жана инсандын, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкердин ар-намысына шек келтирбөөнү суранабыз, биздин да үй-бүлөбүз, жакын адамдарыбыз бар, жаңылыктардагы ар бир хайптан ден соолугубузду жоготуп жатабыз.

Ар шылтоодон абдан чарчадык, эгерде үчүнчү жактар ​​өздөрүнүн манипуляцияларын токтотпосо, биз УКМКга кайрылып, иштин жүрүшүнө тоскоол болгон интригаларды иликтөөгө, бөгөт коюуга жана КР Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин ар-намысын коргоого кайрылууга аргасыз болобуз. Бүгүнкү реалдуулукта адамдын сиңирген эмгегин, жылдар бою топтолгон адамдын аброюн, жакшы иштердин, аракеттин баарын  шашылыш жаңылыктардан, интригалардан көз ирмемде кыйрап калууга мүмкүн болуп калды, калыстык кылууга чакырабыз.

Бүгүн биз кадимкидей иштедик, эртең да иштейбиз. Тергөөнүн бардык суроолоруна жооп бердик, коррупция тууралуу сөз жок ж.б.. Негизи эки жылдан бери башка жактардан да кызыгуу болуп жатат – алар мезгил-мезгили менен ушундай интригаларды кайра улантып, укук коргоо органдарын адаштырып, ишке жана айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди ашырууга кийлигишип, чон тоскоол жаратып жатышат.

Урматтоо менен,

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек Көлбаев.

***

Уважаемые жители Аламудунского аймака, представители СМИ, социальные каналы/паблики!

Настоящим уведомляем, что новость о задержании главы айыл окмоту и бухгалтера не соответствует действительности.

Сотрудники МВД приходили около двух недель назад, мы были допрошены, после чего нас отпустили. Мы как обычно работаем, того экшена на видео и фото не было сегодня. МВД расследует дело по иску заявителя, на все вопросы мы дали исчерпывающие ответы и дальше готовы ответить на возникшие вопросы. Мы открыты к следствию.

Сегодня получился «хайп» как говорится и в информационном поле, и в социальных сетях распространили старую и недостоверную информацию на сегодняшний день.  Мы как обычно работаем, подводим итоги, собираем налоги по должникам, утверждаем с местным кенешем планы на 2024 год, сдаем отчеты в акимиат.

На самом деле мы видим и чувствуем давление других заинтересованных лиц в очернении и срыве нашей работы. Наш аймак густонаселенный, есть как крупный и мелкий бизнес, сейчас мы ведем огромную работу с налоговиками и землеустроителями, я понимаю, что это многим может не нравится, но подрыв работы муниципалитета вместе со спешным очернением человека сильно отражается на развитии аймака.

С населением у нас доверительные отношения, всегда есть активное участие в принятии решений, мы развиваем аймак ежегодно самыми интересными проектами, реализуем большие планы для улучшения жизни людей.

Мы всегда готовы к сотрудничеству и очень просим не очернять честь человека, муниципального и государственного служащего, у нас тоже есть семьи, близкие, от каждого хайпа в новостях мы все теряем здоровье.

Очень устаем от напускного, если третьи лица не прекратят свои манипуляции, мы будем вынуждены обратиться в ГКНБ для разбирательства и пресечения интриг, мешающих работе и к Президенту КР и Парламенту КР для защиты чести муниципального и государственного служащего. В реалиях сегодняшнего стало возможным быстро испортить репутацию, труд, заслуги, все годами наработанное рассыпается в одно мгновение от спешных новостей и интриг.

Сегодня мы работали в штатном режиме и завтра также будем работать. Мы ответили на все вопросы следствия, нет речи о коррупции и т.д, есть интерес других лиц уже второй год — это периодически они возобновляют такие интриги, вводят в заблуждение правоохранительные органы и мешают работе и выполнению поставленных перед айыл окмоту задач.

С  уважением,

Глава Аламудунского айыл окмоту Найзабек Кольбаев.

Похожие новости

Мероприятия посвященные Дню государственного флага в Аламудунском аймаке

5000 керектөөчү таза ичүүчү суу менен камсыз болушту

ЖЧК «Амир Мед» Ыраазычылык кат