Аламудун АО
Новости

Жергиликтүү маанилүү маселелер

Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагы өлкөбүздө биринчилерден болуп жергиликтүү маанилүү маселерди чечүүдө өзүнүн жоболорун иштеп чыкты.

Ага ылайык аталган айыл өкмөттө түзүлгөн муниципалдык ишканалар жана мекемелер бирдиктүү эрежелер менен иш алып барышат. Бул иш аракеттер менен жергиликтүү маанилүү маселелерди натыйжалуу жана сарамжалдуу чечүүгө мүмкүн. Ошондой эле аталган айыл аймак эффективдүү долбоорлорду аткаруу максатында көптөгөн уюмдар менен натыйжалуу иш алып барууда. Аймактарды өнүктүрүү демилгесине толук жооп берген иш аракеттер аткарылып жаткандыгын эл аралык экесперттер, политолог менен саясат таануучулар баса белгилешти:

Бакыт Бакетаев, саясий эксперт: «Жергиликтүү маселелерди чечүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү”

– Советтер союзу кулагандан кийин Кыргызстанда жаңы доор, жаңы коом жана жаңы административдик структура түзүлдү. Мурда колдонулбаган башкаруу системасы ишке киргизилди. Бул башкаруу системасында айыл өкмөттөр чоң ролду ээлешти. Анткени бардык жергиликтүү бюджет өздөрүндө калып, жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз милдеттүү болушту. Алардын ичинен Аламүдүн айыл аймагы башкалардан айырмаланып муниципалдык ишканаларды уюштуруп, жаңы экономикалык, ишкердик багыттагы башкаруу органын түзүп жатат. Президенттин “Аймактарды өнүктүрүү” демилгесине түздөн-түз жооп берип, башкаларга чоң үлгү болууда. Мисалга алсак, Европанын Швейцария мамлекетинде деле ушундай эле айыл өкмөттөргө бөлүнгөн. Алардын ар биринин өздөрүнүн аймагына ылайыкталган мыйзамдары бар. Швейцариянын кантонундай эле Аламүдүн айылы өзүнүн жоболорун иштеп чыгып, жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүүгө ыңгайлуу шарт түздү. Мурат Байдылдаев,  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги жана этностор аралык мамиле иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары: “Кандай гана маселе болбосун чечүү жоолдору так жана айкын жазылган” – Аламүдүн айыл өкмөтү бүгүнкү күндө 453 айыл өкмөтүнүн алдыӊкыларынын бири болуп саналат. Эмнеге дегенде Кыргызстанда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында 25 жергиликтүү маанилүү маселе бар. Мына ушуларды бирдиктүү мыйзам жыйнагы сыяктуу кылып жобо катары китеп кылып чыгарды. Бул жыйнакта кандай гана жергиликтүү маанилүү маселе болбосун аны чечүү жоолдору так жана айкын жазылган. Мисалга алсак  экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жоболордун жыйнагы сыяктуу эле бул жоболордун жыйнагы бардык юридикалык, юстициялык каттодон өткөн. Мындан тышкары кээ бир Чүй облусунда жайгашкан шаарлардын бюджетинен 2-3 эсе аз каражат менен өзүнүн муниципалдык транспортун ача алды. Бул деген айыл өкмөттүн бюджетинин рационалдуу пайдаланып жаткандыгын айгинелейт.

Марс Сариев, саясат таануучу: “Айыл аймакка тийиштүү маселелер жеринде чечилет”

-Бул эң жакшы демилге. Бул мага Швейцария кантонун эске салат. Анткени бул өлкөдө жергиликтүү бийлик өзү башкарган аймакка байланыштуу атайын кабыл алынган мыйзамдар менен иш алып барат экен. Аламүдүн айыл аймагы да өз алдынча өнүгүүнүн туура жолун тандаптыр. Эми мунун негизинде жергиликтүү бийлик Президент, Өкмөт, Парламент тарапты карап отурбастан айыл аймакка тийиштүү маселелерди өз жеринде эле чечип алса болот. Айыл аймак үчүн кабыл алынган жоболордун негизинде иш алып баруу айыл өкмөттөн тышкары, айылдык кеңештин депутаттары үчүн да жеңилирээк болот. Айыл аймакты өнүктүрүүнүн мындай Европа модели сөзсүз өзүнүн жемишин берет. Өмүрбек Алманбетов, жергиликтуу өз алдынча башкаруулардын Союзунун аткаруучу директору: “Аламүдүндөгү тажрыйбалар башка аймактарга жайылтылып жатат” -Жалпы эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети-бул жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү. Алардын арасында мыйзамда каралган бир топ маселелер бар. Анын ичине таза суу менен камсыз кылуу, муниципалдык ишканаларды ачуу менен бирге ички жолдорду оңдоо, таштандыларды чыгаруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү маселелери кирет. Аламүдүн айыл аймагындагы жасалып жаткан алгылыктуу иштер Кыргыз Республикасынын Президенти 3 жылдан бери жарыялап келе жаткан “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында болуп жатат. Ошондуктан жалпы айыл өкмөттөрдүн жасап жаткан иштерине салыштырмалуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүкү өзгөчөлөнүп турат. Себеби, борбор калаага жакын жайгашкандыктан айыл тургундарынын жашоо шартын шаардын деңгээлине жеткирүү үчүн, жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүүнүн жолдору заманбап болуп жатат. Азыркы учурда биздин эксперттер ушул жерде болгон жакшы тажрыйбаларды дагы башка айыл өкмөттөргө жайылтуу максатында Нарын жана Ысык-Көл облустарында жүрүшөт.

Доктор Макс Георг Майер, Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы башчысы: “Аламүдүн айыл аймагы өнүгүүнүн туура жолун тандап алды”

-Аламүдүн айыл аймагындагы болуп жаткан ийгиликтер тууралуу көптөгөн жакшы маалыматтарды билем. Германиянын Бавария аймагында да жергиликтүү органдар абдан ийгиликтүү иш алып барышат. Бавариядан кем калышпай Аламүдүн өкмөтү да айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүдө сырттан инвестиция тартып келүүдө өтө активдүү болуп жатат. Мунун жыйынтыгында айыл аймакты өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашуу менен бирге, эл аралык байланыштар да чыңдалууда. Кыргызстандагы 453 айыл аймактын ичинен Аламүдүн айыл аймагы ийгиликтүү иштерди алып барып жатат. Анткени, айыл аймактын жашоочулары түзүлгөн муниципалдык ишканалардын эффективдүүлүгүн көрө башташты. Эгерде Кыргызстанда Аламүдүн айыл аймагындай иш алып барган 50 айыл өкмөт болсо анда жергиликтүү элдин жашоо шарты, дегеле Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясы алдыӊкы орунга чыкмак. Анткени, борбор шаарга жакын жайгашкандыктан потенциалы абдан чоӊ. Бирок, ошондой эле башка айыл аймактарынын мүмкүнчүлүктөрү бирдей деп айтсак болот. Ага карабастан Аламүдүн айыл аймагы өнүгүүнүн туура жолун тандап алды. Жеке эле жергиликтүү бюджет менен чектелбестен эл аралык донорлорду издеп таап, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып жатат

. Бекболот Бекиев, ӨСИ Башкарма мүчөсү, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги, бюджеттик процесс” (VAP) Долбоорунун жетекчиси: “Муниципалдык ишканалар тажрыйбалуу жетекчинин аракети менен ишке киргизилди”

-Айыл аймактын башчысы Найзабек Көлбаев аябай активдүү. Өзүнүн милдеттерин жакшы билген жетекчи. Эң негизгиси изденип аракет жасайт. Аламүдүн айыл аймагында муниципалдык ишканалардын ишке киргизилгендиги боюнча айта турган болсок, Найзабек мырзанын өзүнүн ишин мыкты билгендиктен жергиликтүү укуктук ченемдик актыларды өзү иштеп чыгып, аны айылдык кеңеш аркылуу бекиткендиги-анын мыйзамдын негизинде иш жүргүзгөн тажрыйбалуу жетекчи экендигин бекем далилдейт. Бул жобонун негизинде муниципалдык ишканалар толук кандуу өзүн өзү каржылаган мекемелерге айланды.

Источник: https://bagyt.kg/alamudun-ozunun-konstituciyasyn-kabyl-aldy/
© — Общественно-информационный портал

Похожие новости

Аламүдүн айыл аймагында Балдарды коргоо күнү

Объявление о формировании электронной базы данных экспертов для оценки проектных предложений

Аламудун айыл аймагында жазгы ишембилик жана бак-дарактарды отургузуу