Аламудун АО
Новости

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстеликтин эң мыкты эскиз-идеясы үчүн Ачык сынак жарыяланат

Аламүдүн айыл өкмөтү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин эң мыкты эскиз-идеясына ачык сынак жарыялайт.

Мемориалдык комплексти кийинки жылы ачуу пландалууда. Эстелик орнотулган жер аныкталды — бул Набережная көчөсү, 300а дарегиндеги Жеңиш паркы. Аламүдүн айыл өкмөтү сынакка мемориалдын визуалдык дизайнын түзүүгө Аламүдүн районунун тургундарынын активдүү катышуусу эстеликтин элдик чыгармасы болуусун белигилейт.

Байгелер боюнча төмөнкү сыйлыктар ыйгарылат, 1-орунга 100 000 сом, 2-орунга 50 000 сом, 3-орунга 20 000 сом.

Сынакка профессионал жана көз карандысыз скульпторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор, ошондой эле мектеп окуучулары жана студенттер катыша алат. Долбоордун катышуучусу бир автор же чыгармачыл топ боло алат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Ар бир катышуучу же катышуучулардын тобу сынакка каалаган сандагы эмгектерин бере алат. Анын ишин даярдоо жана тапшыруу менен байланышкан бардык чыгымдарды сынактын катышуучусу өзү көтөрөт.

Сынактын материалдарын даярдоодо сиз каалаган материалды: пластилин, гипс, жыгач, чопо, алебастр, көркөм фотосүрөт жана компьютердик графика, сүрөт тартууну колдонуу болот.

Сынакка катышуу үчүн берилген иштер көз карандысыз комиссия тарабынан каралып, анын курамы сынакка беш күн калганда Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан бекитилет.

Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, зарыл болгон учурда комиссия сунушталган долбоорлорду андан ары тактоо боюнча каалоолорду жана сын-пикирлерди айтат. Сынактын шарттарына ылайык эң мыкты эскиздик долбоорду сунуштаган катышуучу сынактын жеңүүчүсү болуп саналат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын протоколу түзүлөт, аткарууга сунушталат.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда комиссиянын чечими менен жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча тур өткөрүлөт.

Конкурстук иштерди баалоо критерийлери:

— чыгармачылык концепциянын оригиналдуулугу;

— чыгармачылык, жекече мамиле;

— композициялык чечимдин толуктугу;

— эстетикалык таасирдин даражасы;

— чыгарманын жалпы көркөм деңгээли.

Сынактын шарттарына жооп бербеген иштер кароого кабыл алынбайт.

Каалоочулар эскизди, идеянын сыпаттамасын, сунушталган материалдарды камтыган сунуштарын alamudun2013@mail.ru электрондук дарегине 2023-жылдын 15-декабрына чейин жөнөтө алышат.

Документтерди кабыл алуу дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8:30дан 17:30га чейин, (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Аламүдүн айыл өкмөтү (Набережная көч. 300а) 4 кабинет. Сурап ​​билүү телефону: 0 707 855 595 Толкунай.

***

Открытый конкурс на лучший эскиз-идею памятника участникам ВОВ 1941-1945гг.

Аламудунский айыл окмоту объявляет открытый конкурс на лучший эскиз-идею памятника посвящённого участникам Великой Отечественной войны 1941-1945гг.

Место установки памятника определено – это Парк Победы по улице Набережной 300а. Мемориальный комплекс планируется открыть в следующем году. Аламудунский айыл окмоту отмечает, что активное участие в конкурсе жителей Аламудунского аймака в формировании визуального решения мемориала сделает памятник народным.

Определены также награждения за призовые места, так 1-е место -100 000 сом, 2-место 50 000 сом, 3-е место 20 000 сом.

Принять участие в конкурсе могут и профессиональные и самостоятельные скульпторы, художники, архитекторы, а также школьники и студенты. Участником проекта может быть как один автор, так и творческий коллектив. Возраст участников не ограничен.

Каждый участник или группа участников может представить на конкурс любое количество работ. Все расходы, связанные с подготовкой и подачей своей работы, участник конкурса несет самостоятельно.

При подготовке конкурсных материалов можно использовать любой материал: пластилин, гипс, дерево, воск, глину, алебастр, художественное фото и компьютерную графику, рисунок.

Работы, представленные к участию в конкурсе, рассматриваются независимой комиссией, состав которой будет утвержден Аламудунским айыл окмоту за пять дней до проведения конкурса.

Решение комиссии принимается открытым голосованием простым большинством голосов от числа присутствующих членов комиссии, в случае необходимости комиссия высказывает пожелания и замечания по дальнейшей доработке номинируемых проектов. Победителем конкурса признается участник, который в соответствии с условиями конкурса предложил лучший проект эскиза.

По итогам голосования конкурсной комиссии составляется протокол, рекомендуемый к исполнению. В случае возникновения конфликта интересов по решению комиссии проводится дополнительный тур для определения победителя.

Критерии оценки конкурсных работ:

— оригинальность творческого замысла;

— творческий, индивидуальный подход;

— завершенность композиционного решения;

— степень эстетического воздействия;

— общий художественный уровень работы.

Работы, не соответствующие условиям конкурса, к рассмотрению не принимаются.

Свои предложения, содержащие эскиз, описание идеи, предлагаемые материалы все желающие могут отправить на электронную почту alamudun2013@mail.ru до 15 декабря 2023 года.

Время приёма документов понедельник, среда, пятница с 8:30 до 17:30, (обед с 12:00 до 13:00ч.) Аламудунский айыл окмоту (ул.Набережная 300а) 4 кабинет. Телефон для справок: 0 707 855 595 Толкунай.

Похожие новости

Алма-Ата көчөсүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү

11 мая 2021 года состоялась первая сессия депутатов Аламудунского айыльного кенеша 28 созыва.

Жарыя — маалымкаттарды берүү жөнүндө