Аламудун АО
Новости

Аламүдүн айыл аймагында Балдарды коргоо күнү

Аламүдүн айыл аймагында Балдарды коргоо күнү

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн демилгелеринин алкагында 1-июнь Балдарды коргоо күнү айыл аймагында өткөрүлдү. Майрамга карата иш-чаралар айылдын алты кварталында өтүп, алардын ар биринде үч жүзгө жакын бала чогулду.

«Ынтымак Аламудун ТУМАР» тобу майрамдык концерт уюштуруп, ар кандай жомоктордогу жаныбарлардын костюмдарын кийип, балдарга оюндарды коюп, аларды ойнотуп, бийлерди бийлетишти жана балдар табышмак, макал-лакаптарды дагы чечишти.

Оюндардын соңунда балдарга балмуздак, таттуулар жана суусундуктар тартууланды.

Иш-чара айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланды. Иш-чарага ошондой эле райондук коомдук кеңештин төрагалары, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл активдери катышты.

Чакыруу менен «Ынтымак Аламудун» «Тумар» тобу да Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө барып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты.

***

День защиты детей в Аламудунском айылном аймаке

В рамках инициатив Аламудунского айыл окмоту 1-июня День защиты детей прошел в айылном аймаке. Мероприятия по случаю праздника прошли в шести кварталах поселка, в каждом из них собрались около трехсот детей.

Группа «Ынтымак Аламудун ТУМАР», организовала праздничный концерт, в различных сказочных костюмах провели для детей игры, танцы, дети разгадывали загадки и пословицы. По завершению игр, детей угостили мороженым, сладостями и напитками.

Мероприятие финансировалось за счет бюджета айыл окмоту.
В мероприятии также приняли участие председатели районных общественных советов, депутаты айылных кенешей и активисты села.

По приглашению группа «Тумар» Ынтымак Аламудун также посетила детское отделение Чуйской областной больницы и подарила детям праздничное настроение.

 

Похожие новости

ОБЪЯВЛЕНИЕ о конкурсе на финансирование местных инициатив

Объявление о недопущении потребления электроэнергии сверх норматива

Карыз болгондордон салык жыйноо боюнча рейддер өткөрүлдү жана бирдиктүү базага маалымат чогултуу боюнча иштер жүргүзүлдү