Аламүдүн айыл өкмөтү Мамлекеттик материалдык резервден КР Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн гуманитардык жардамды таратууда.
Бул жумалыкта Аламүдүн айыл өкмөтүндөгү 1,2,3-топтогу майыптардын 259 үй-бүлөсүнө ар бир үй-бүлөгө 50 кгдан ун түрүндө материалдык жардам көрсөтүлөт. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 2022-жылдын 8-февралынан тарта бөлүштүрүүдө.